Бишкектин вице-мэри Азат Узаков 2 айга камалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков УКМКнын төргөө изоляторуна 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 18-апрелге чейин камалды.

"А.У. 18-апрелге чейин УКМКнын төргөө изоляторуна камалды. Мындай чечим 19-февралда Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды", - деп билдиришти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Бишкек шаарынын вице-мэри коррупцияга шектелип кармалган. Азат Узаков 2021-жылы сентябрда борбор калаанын вице-мэри болуп дайындалган.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alimbek94
2022-02-21 11:34:26
Чиновниктердин үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу айбаттуу коррупцияны жаратат. Андыктан жарандык коомдордун ролун жогоруоатуу керек. Жарандык коом баардык мамлекетик бийлике көзөмөл жүргүзүшү керек
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан