Кечээ, 20-февралда Пекин шаарында XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү.
4-февралда башталган Олимпиада 16 күнгө созулуп, жалпы 109 медалдар топтому ойнотулду. Олимпиадага жалпы 91 өлкөдөн 2 миң 871 спортчу катышып, күчүн сынады.
Медалдардын саны боюнча Норвегия курамасы рекорддук көрсөткүч менен биринчи орунду камсыздады. Норвегия Олимпиадада жалпы 16 алтын, 8 күмүш жана 13 коло медаль жеңди. Экинчи орунда Германия (12-10-5). Ал эми үчүнчүдө - Кытай (9-4-2).
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Максим Гордеев катышты. Ал слалом боюнча 16-февраль күнү жарышка түшүп, финишке жетпей калды.
Ушуну менен Олимпиада аяктады. Биз мээримдүү Бин Дунь Дунь менен коштошобуз.
Кийинки кышкы Олимпиада оюндары 2026-жылдын февраль айында Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтөт.