Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган EFC'нин жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орозо айынан кийин EFC'нин жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Расул Магомедов менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мушкердин машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.
"Ден соолугуна байланыштуу беттеш болбой калды, бирок чемпиондук кур Бусурманкулда. Расул Магомедов башка атаандаш менен беттешип, ал мушкерди утуп, убактылуу курдун ээси болуп калды.
Бусурманкул Абдибаит уулу менен Расул Магомедовдун беттеши ыйык орозо айынан кийин, буюрса, болот. Мөөнөтүн азыр так айта албайм", - деди Чекиров.
Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук курун 18-февраль күнү Расул Магомедов аттуу мушкерге каршы коргомок. Бирок Бусурманкул Абдибаит уулу ден соолугуна байланыштуу Москвада ооруканага жаткырылган.