Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын мааалымат кызматынан кабарлашкандай, сот кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам жаран 4 күн камакта отурган.

Белгилүү болгондой, Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды.

"Облустук соттун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган. Бул факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан 191-берене (Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан