Медет Садыркуловдун өлүмү: Айыпталуучу Санжар Сапарбеков суроого жооп берүүдөн баш тартты (видео)

Бүгүн, 21-февралда Аламүдүн райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектелген Санжар Сапарбековдун соттук отуруму өтүүдө.

Анда "Сиз өзүңүздү күнөөлүүмүн деп эсептейсизби?" деп суроо берген Kaktus.Media сайтынын журналистине айыпталуучу Санжар Сапарбеков жооп берүүдөн баш тартты.

Анын жактоочусу Сапарбеков буга чейин соттун суроолоруна жооп бергендигин билдирип, соттун уруксатысыз сот залында видео тартууга болбой турганын белгиледи.

Медет Садыркулов 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчиси кызматында иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен. Ал эми 2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектелгендердин бири Рустам Сайдиев сыртынан соттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
News
2022-02-21 16:19:42
13 жылдык кылмыш процесси дагы деле күчүн жогото элекпи? 10 жылдан кийин жоопко тартылбайт элего мыйзам боюнча...
-5
Datka7777
2022-02-21 23:05:43
News,киши олтуруу оор кылмышка кирет, анын срок данность деген болбойт
0
Jaka1978
2022-02-21 17:05:14
Ачык айкын эле Бакиевдер олтургон го,ар кимдин мойнуна илип ,кудай коркушса болмок
0
Kg-04
2022-02-21 17:45:51
Jaka1978,Ким олтургонун Кудай билет ушинтип эле чала эксперт болбогулачы уверенно суйлоп
-3
Jaka1978
2022-02-21 19:31:01
Kg-04, Сен билбейсиңби,элдин баары билет.Китебин да окусан,элге акыл уйротпой
+2
ruslanz
2022-02-21 18:14:42
Ото мыкаачылык менен олтурушкон. Буга олум жазасын берсе дагы аздык кылмак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан