Бишкекте "Ош Пирим" телеканалынын кеңсесинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:53тө Октябрь райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.
Өрт саат 15:02де чектөөгө алынып, саат 15:27де толук өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.