4 күн кармалган. Ошто жаранды мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды

Ош облустук прокуратурасы тарабынан жаранды мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам Конституциянын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси “Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо” менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан