Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча She Believes Cup турниринде адаттан тыш эл аралык рекорд коюлду. Мындай маалыматты чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландиянын борбордук коргоочусу Мекайла Мур АКШ командасы менен болгон беттеште уникалдуу жетишкендикке жетишти. Тагыраагы, ал өз дарбазасына үч гол киргизген. Мур беттеш башталгандан кийин бир мүнөттүк интервал менен алгачкы эки голду киргизип, беттештин 36-мүнөтүндө “хет-трик” жасаган.
Мындан улам машыктыруучу аны алмаштырууга аргасыз болгон.
Оюн 5:0 эсебинде АКШнын жеңиши менен аяктаган. Эң кызыктуусу жаңы зеландиялык футболчу үч голду денесинин ар кайсы бөлүктөрү: сол жана оң буттары, ошондой эле башы менен киргизген.
Муну менен Мекайла Мур эки буту жана башы менен өзүнүн дарбазасына хет-трик жасаган тарыхтагы алгачкы футболчу болуп калды.