Аламүдүн районунда эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 21-февралда Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Күмүшалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрт саат 10:29да чектөөгө алынган, саат 11:06да толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда жана жабыркагандар жок.
Эки кабаттуу турак үйдүн ички жасалгасы күйгөн, жалпы аянты 240 чарчы метрди түздү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos77777
2022-02-21 18:34:19
Тенирим сактасын! Кыргызды орт каптадыбы???
0
Spb
2022-02-21 18:47:19
Не бале болгон бугун Кыргызстандын баардык жерлери еле куйуп кеткен или Супер инфо тек ортонгон жанылыктарды чыгарып баштаганбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан