УКМК: "19 тоннадан ашык контрабандалык иштер аныкталып ага бөгөт коюлду"

19 тоннадан ашык контрабандалык иштер аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январдан 15-февралга чейинки аралыкта Кыргыз жараны контрабандалык иштерди кылуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 19 тоннадан ашык жүк аныкталды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул иштерге тиешеси бар делинип УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери, прапорщик И.Н. жана сержант Э.М. экени аныкталган.
Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда алдын алуу иш-чараларынын алкагында, товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, мыйзамсыз айыл чарба продукцияларын ташып келүүгө жол бербөө жана каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында тиешелүү түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан