39 жаштагы жаран 12 жаштагы өгөй кызын сексуалдык аракеттерге мажбурлаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факты Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда окуяны ар тараптуу изилдөө үчүн ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүүдө.