Бүгүн, 22-ноябрда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Индонезиянын президенти Сусило Бамбанг Юдойононун чакыруусу менен 24-27-ноябрь
күндөрү Бали аралында өтүүчү “Маданияттын күчү - туруктуу өнүгүүдө”
аталышындагы Бүткүл дүйнөлүк маданият форумуна жөнөйт. Бул тууралуу аталган
министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бүткүл дүйнөлүк маданият форумунда маданияттын
2015-жылдан кийинки өнүгүү жолу, башкы максаттар, мүмкүнчүлүктөр туурасында
талкуу болот. Анда Султан Раев “Маданият менен өлкөнүн өнүгүүсүндөгү байланыш” долбоору тууралуу доклад жасайт.
Кошумчалай кетсек, бул форумга мамлекеттердин маданият
министрлеринен тышкары өлкө жетекчилери, "Нобель" сыйлыгынын лауреаттары, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, эксперттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү
чакырылган.