Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында ачык аянтта өскөн камыш өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 21-февралда Кызыл-Кыя шаарында ачык аянтта өскөн камыш өрттөнүп жаткандыгын маалымдашкан. Өрт кырсыктарын жоюу үчүн шаардагы өрт өчүрүүчү кызмат тартылып, саат 18:52де толук өчүрүлгөн. Жабыр тарткандар жок.