Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Жер титирөө Алай районунун Эркеч-Там айылында 3 балл, Нура айылында 2,5 баллга сезилген. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.