
Мамлекеттик жана саясий ишмер
Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасманын сценарийине сынак кайрадан жарыяланды.
Сынактын максаты - Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан белгилешкендей, сынак 2 этапта өткөрүлөт:
1-этап: 2022-жылдын 1-сентябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;
2-этап: 2022-жылдын 31-сентябрына чейин жеңүүчү аныкталат.
Сынакка катышуу үчүн толук сценардык пакет тапшырылышы керек:
- тасманын сценарийи,
- автордун резюмеси жана фильмографиясы.
Сынакка катышууга негиз болуп сценардык пакетте толтурулган "Сынактык билдирме" болуп саналат. Билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:
* үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;
* баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, курал-жарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;
* конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;
* согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;
* улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;
* улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөө;
*порнографиялык мазмундагы сценалар;
* ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.
Сынакка катышуучулар сынактык билдирмелерди 5 нускада жана электрондук формат менен тапшырышат. Билдирменин кагаз түрүндөгү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.
Билдирмелер конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:
- катышуучунун аты-жөнү (толук)
- электрондук дареги;
- байланыш телефондору.
Сынактын дареги жана байланыш үчүн маалыматтар:
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти.
Дареги: Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.
Белги: "Жусуп Абдрахманов". Киносценарийлердин сынагына2.
Байланыш номерлери: 0312301042; 0312300265.