Төрт кыргыз спортчусу дүйнөдөгү 25 жашка чейинки мыкты балбандардын катарына кирди

Төрт кыргыз балбаны дүйнөдөгү 25 жашка чейинки мыкты балбандардын катарына кирди. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз спортчулары Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы дүйнөнүн мыкты 25 жашка чейинки балбандардын рейтингине кирди.

Ага жалпы 25 балбан кирип, анын ичинде грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасында күрөшкөн балбандар кирген.

Тизмеде 6-орунда Токиодогу Олимп оюндарында коло медаль алган, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова турат. Андан кийинки 7-орунга Токиодогу Олимп оюндарында күмүш медал уткан Акжол Махмудов турат. Ал эми 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев 15-орунда, ал эми 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы 17-орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан