Ош шаарында жайгашкан пахтаны кайра иштетүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош көчөсүндө жайгашкан аянты 330 чарчы метр болгон пахтаны кайра иштетүүчү цехтен өрт чыгып, ичиндеги 2 пахтаны иштетүүчү аппарат жана 5 тонна пахта күйгөн.
Өрт кечээ саат 12:41де чыккан, жерине өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн жалпы 3 бөлүм тартылып, саат 13:08де өрт чектөөгө алынган. Саат 14:44тө өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн себеби такталууда.