Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип, жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Каракол ШИИБине Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы Нурлан аттуу адам “Кумтөр” ишканасына жумушка орноштурам” деп акча алып, бүгүнкү күнгө чейин жумушка да орноштурбай, акчаларын дагы кайтарбай жатканы айтылат. Жалпы материалдык чыгым 365 000 сомду түзгөн.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы Ш.Н. аттуу тургуну кармалган. Ал суракта күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Ошондой эле иликтөө ишинин жүрүшүндө кармалган адамдын дагы 9 алдамчылык ишке тиешелүү экени аныкталган.
Шаардык соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынып, тергөө амалдары уланууда.