Көк-Арт ашуусунда 14-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган адамдар дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тогуз-Торо районунда кар көчкү алдында калган 4 адамды издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматовдун жетекчилиги астында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер жана атайын издөөчү каражаттар, анын ичинде темир издөөчү каражаттары колдонулууда. Ошондой эле 8 атайын техника тагыраак айтканда, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч тартылган.
Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 1,5 миллион куб метрди түзөт. Издөө иштери жүрүп жаткан аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ага карабастан куткаруучулар күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайно Роуд” компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калганы айтылган.
5 күндүк издөө иштери натыйжа бербей, кийин кошумча күчтөр тартылып, алардын ичинде Чек ара кызматынан 1 кызматкери жана 2 кинологу да чакырылганы кабарланган.