Баткенде баңгизатын дүкөндө сатып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 13-февраль күнү саат 01:00дөр чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы дүкөндөрдүн биринде баңгизаттарын сатууга аракети тууралуу маалымат түшкөн. Көп узабай дүкөндүн жанынан баңгизаты менен 48 жаштагы Б.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Анын жанынан ак түстөгү кытай кабына салынып скотч менен оролгон 2 килограмм 846 грамм болгон ооган өндүрүшүндөгү «гашиш» баңгизаты табылган.
Бул ишке тиешеси бар делинип, ошол жерден 47 жаштагы К.А. аттуу дагы бир жергиликтүү тургун кармалган.
Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.