Баткенде 2 миллион сомдук контрабандалык жүккө бөгөт коюлду

Баткенде 2 миллион сомдук контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө жүк алып бара жаткан Volvo унаасы текшерилген. Унаадан 4 тонна, кургатылган табак, 3 тонна кургатылган жемиштер табылган.

Айдоочунун тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган жүктүн баасы 2 миллион сомду түзөт.

Керектүү документтер толтурулуп, айдоочу жана бөгөт коюлган жүк тиешелүү түзүмдөргө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан