Украина менен Орусиянын ортосунда болуп жаткан кырдаалга байланыштуу УЕФА уюму Чемпиондор Лигасынын финалын Санкт-Петербург шаарынан Лондон шаарына жылдырышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, УЕФА учурда Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга кылдат көз салууда. Эгерде кырдаал курчуп кетсе, Чемпиондор Лигасынын финалын Лондондогу "Уембли" стадионунда өткөрүү чечими кабыл алынат.
Былтыр, 2021-жылы Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулдан Португа жылдырылган. Буга себеп Стамбул шаарынын кызыл зонага кириши болгон.
Чемпиондор Лигасынын финалы 28-май күнү Санкт-Петербургдагы "Газпром Арена" стадионунда өтөт.