"Кыргыз жылуулук энергонун" кызматкерлери мамлекетке 22 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен жабдуу боюнча Кант шаарындагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузуу фактылары белгилүү болуп, ири финансылык зыян келтирилгени аныкталган.
Тийиштүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бюджеттик каражаттарды көмүскө жүгүрткөн туруктуу мыйзамсыз схемалар табылган.
Анда мазутту керектөөнүн тарифтерин жасалма жогорулатуу, кымбат баада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, ошондой эле башка укук бузууларга жол берилгендигинин натыйжасында мамлекетке 22,5 миллион сом суммасында зыян келген.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу каналдарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.