Мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгүнүн
натыйжасында 2013-жылдын 10 ай аралыгында чек араны бузган 222 адам кармалган. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы маалымдады.
Чек арачылардын аткезчиликке каршы жүргүзгөн күрөшүнүн жыйынтыгында жыл башынан бери 20 654 700 сомго бааланган жүк, 108 килограмм баңгизат, 15 даана
курал-жарак, 214 даана ок-дарылар кармалып, мамлекетке өткөрүлүп берилген.