Ишкерди “Ош базардагы” ордуңду бер" деп сабаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ишкердин “Ош базарындагы” ордун талап кылып талаага алып барып сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы УКМКга М.Д.Б. аттуу адам ага күч колдонуп, шаардын четиндеги Байтик айылына алып чыгып, Бишкектеги “Ош базарындагы” соода кылган ордун талап кылып ур-токмоко алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазган.

Бул окуя боюнча “ири суммадагы акча талап кылуу” жана “адам уурдоо” беренеси менен иш козголуп, аталган кылмышка шектелген О.у.А. аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнө издөө жарыяланган.

Ушул жылдын 21-февралында ал Бишкек шаарында кармалган.

Шектүү Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан