УКМК: "Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүк аппараттын мурдагы кызматкери кармалды"

Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүк аппараттын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн акча каражаттарынын бир бөлүгүн ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган Бишкек шаарынын вице-мэри У.А.га карата козголгон кылмыш ишин териштирүүнүн жүрүшүндө, Финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы К.А. жана өкмөттүк аппараттын мурдагы кызматкери А.М. тиешеси бар экени аныкталды.

"Кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүнө ылайык, “Г.П.С.” ЖЧК Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин Т.Г. аттуу жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон.

Белгилей кетсек, К.А. курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

Буга байланыштуу Т.Г. жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5 пайыз өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 миллион 500 миң сом пара катары өткөрүп берген", - деп жазылат маалыматта.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Азыркы учурда УКМК тарабынан ар кандай социалдык объектилерди курууда айрым кызмат адамдар тарабынан акча каражаттарын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан