Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору С.У. жана К.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Азыркы учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилет.