Жакындары 2 күндөн кийин билишкен. Ноокатта 9 жаштагы бала чоң ата, чоң апасы менен иске ууланып каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда 3 киши иске ууланып каза болушту. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, көз жумгандар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушканын кабарлашты.

Башкармалыктан билдиришкендей, 22-февралда саат 21:00 чамасында Көк-Бел айылынын тургундары иске ууланып, каза болгондугу маалымдалган. Аталган маалымат каттоого алынып текшерүү иштери башталган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгондор Көк-Бел айылынын тургундары экендиги, алар 63 жаштагы Ж.Ө., анын жубайы 62 жаштагы М.М. жана 9 жаштагы небереси Ө.Б. болгону аныкталды. Такталгандай, үй ээлери 20-февралдан 21-февралга караган түнү көмүр газына ууланып каза болуп калышкандыгы аныкталган.

Маркумдардын жансыз денелерине сырттан кароо жүргүзүлүп, денелеринде эч кандай жаракаттар жок экендиги аныкталды. Андан сырткары маркумдардын жакын туугандары жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришти", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан