Кеминде мүрзөлөрдүн тосмолорун уурдап сатып жүргөн адам кармалды

Кеминде мүрзөлөрдүн тосмолорун уурдап сатып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айынын башында Кемин районундагы мүрзөлөрдүн биринен темир тосмолор жоголгон. Бул боюнча милиция иликтеп, шектүү катары 37 жаштагы И.А. аттуу адам кармалган.

Тергөө учурунда ал тосмолорду алып барып темир алган жерлерге сатып жүргөнүн айткан.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайда кармалып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан