Чүйдө 17 жаштагы өспүрүм 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Ал каналдын жээгинен изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 17 жаштагы өспүрүм 6 күндөн бери дайынсыз болууда. Ал Чоң Чүй каналынын жээгинен изделип жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 2005-жылы туулган Т.П. 18-февралдан тартып дайынсыз болуп жаткан. Мындан улам анын жакындары куткаруучуларга кайрылып, Чүй каналынын жээгин карап берүүнү суранган.

"23-февралда издөө иштерине 4 куткаруучу жана 2 милиция кызматкери тартылган. Натыйжа болгон жок. Издөө иштери бүгүн да улантылат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан