Ош шаарында 13 жашар бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-февраль күнү милицияга "Тез жардам" кызматы беш кабат имараттан кулап 13 жашар бала каза болгондугун кабарлаган. Териштирүү иштеринин убагында 2008-жылы төрөлгөн өспүрүм беш кабат үйдөн боюн таштап, каза болгондугу аныкталган.
Каза болгон баланын жанында болгон досу 5 бала болуп аталган имараттын үстүндө отурушканын, кийин 3 бала үйлөрүнө кетип, экөө калганын айткан.
Каза болгон бала телефон менен бир кызга чалып, «кош бол, мени кечир» деп айткан. Телефонду кайтарып берген соӊ «апа, мени кечир» деп айтып, имараттан боюн таштап жиберген.
Башка достору да бала каза болгонго чейин «мен өлөм, март айында жок болом, мени көрбөйсүңөр» деп айтып келгенин билдиришкен.
Учурда бул окуя боюнча милиция иликтеп жатат.