Чүй облусунун Кемин районунда турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир киши каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда өрттүн себеби такталууда.
Маалыматка ылайык, өрттөн турак үйдүн 60 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Кырсыктын кесепетинен 1951-жылы туулган К.В. аттуу эркек киши көз жумган.