Бүгүн, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал күчөдү. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирди.
Беларустун аскерлери Орусиянын Украинадагы операциясына катышпайт, бирок керек болсо тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Лукашенко аскерлер менен болгон ыкчам кеңешмеде билдирген.
Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үздү. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленский билдирди.
Орусия Украинанын Харьков облусундагы турак үйлөрдү аткылады. Бу тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды. Андагы маалыматта аткылоодон турак үйлөрдүн бириндеги ымыркай каза болуп, бир нече адам жабыркады.
Ал ортодо Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 96-100 сомго чейин көтөрүлүп кетти. Учурда валютаны сатып алуу мүмкүн болбой жатат.
Социалдык тармактарда Украинанын үстүндөгү аба мейкиндигинин сүрөтү жарыяланды. Украина асманын бүгүн, 24-февралда Орусия менен болгон кырдаалга байланыштуу жапкан.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин Украинадагы кырдаалдан улам Пекин Москвага аскердик колдоо көрсөтпөй турганын билдирди.
Украинаны коргоого даяр ички иштер органдарынын ардагерлерине курал-жарактар берилет. Украинанын Жогорку Радасы өлкө аймагына аскердик абалды киргизүү чечимин колдогондуктан, бул иш процедурасы мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүлөт.
Киевдеги бардык орусиялык дипломаттар шашылыш түрдө Украинадан чыгып кетти.
Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун айтымында, Одесса шаарынын жанындагы аскердик бөлүктө жардыруу учурунда 6 адам каза болуп, 7 киши жарадар болуп, 19 адам дайынсыз жоголду.
Украинанын аскерлери куралын таштаган жок, аскерлер көп, кырдаал татаал. Бул тууралуу Лугансктагы элдик милициянын расмий өкүлү Эдуард Басурин билдиргенин РИА Новости жазды. Ал Украинанын жарандарынан армиядагы жакындарынан куралын таштоону суранууга үндөдү.
Счастье шаарына жакын жерде эки Bayraktar TB2 учкучсуз учагы атып түшүрүлдү.
Лугансктагы аскер кызматкерлери Украинанын эки Су-24 бомбалоочу-кыйраткыч учагы Смело жана Степовое аймактарында атып түшүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Украинадагы Кыргыз жарандары чыгып кетүүгө камынууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов билдирди.
Ал Тышкы иштер министрлигине мекендештерге жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
"Жарандарыбыз кетебиз деп чалып жатышат. Бирок биздин элчилик менен байланыша албай жатышыптыр", - деди Маткеримов.
Кытайдын Украинадагы элчилиги Украинадагы өз жарандарына автоунаалардын көрүнүктүү жерлерине Кытайдын желегинин сүрөтүн чаптап алууну айтты.
Владимир Путин украиналык аскерлерди кылмыштуу буйруктарды аткарбоого чакырды.
"Мен сиздерди дароо куралыңызды таштап, үйүңүздөргө кетүүгө чакырам. Түшүндүрүп берейин: бул талапты аткарган украин армиясынын бардык аскер кызматкерлери согуштук аймактан эркин чыгып, үй-бүлөлөрүнө кайтып келе алышат", - деди орус лидери.
Казакстан Киевдеги жарандарын эвакуациялай баштады.
Украинанын Счастье жана Станица Луганская шаарларын Луганск басып алганын жарыялады.
"Мен эртең мененки саат 5те жарылуунун добуштарынан улам ойгондум. Сиреналар күйгүзүлгөн эмес. Үйдө отурабыз, баары тынч. Учурда эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Документтерди жакын жерде тургандай кылып даярдап койдум", - деген Одесса шаарында жашаган жергиликтүү тургун.
АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста жарыялаган атайын аскердик операция башталгандан кийин Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирди.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы жарандарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырды. Анкара өлкөдөн чыгууну каалагандарга колдоо көрсөтөт.
Орус бийлиги Сочи, Краснодар, Ростов, Воронеж, Липецк, Белгород, Симферополь, Анапу, Волгоград, Геленжик, Ставрополь жана Астрахань шаарларына аба каттамдарын убактылуу чектеди.
Киевдеги май куюучу жайларда ири кезек күтүүлөр пайда болду. Ушундай эле көрүнүш Украинанын башка шаарларында байкалууда.
Курск облусунун Украинага чектеш бардык райондорунда мектеп окуучулары дистанттык окууга өткөрүлүүдө.
Украинанын Жогорку Радасы өлкөгө аскердик абалды киргизүүнү жактырды.
Москвада 160тан ашык каттам убактылуу токтотулду.
Орусиянын Коргоо министрлиги чет элдик басылмалардагы орус учагы Украинанын аймагында атып түшүрүлгөнү тууралуу
маалыматты четке какты.
Лугансктагы аскерлер фронтко жакын аймактардын тургундарын үйлөрүнөн чыкпоого чакырды.
Себеби бомба түшүшү мүмкүн.
Луганскта аскерлер согуштук объектилерди гана аткылап жатышканы, карапайым калкка эч нерсе коркунуч туудурбагандыгы айтылды.
Киев шаарынын мэриясы шаарда аба коркунучу катталганын билдирди.
Киевдин мэри Виталий Кличко жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана үйдө отурууга чакырды.