Жалал-Абад облусунун Аксы районунда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, шектүү мектептин спорт залына кирип телефон уурдаган.
Маалым болгондой, Кашка-Суу айылынын тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 10-декабрында баласы мектептин спорт залында ойноп жаткан учурда сумкасынан 11 миң сомдук телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин кабарлаган.
Бул факты боюнча 205-берене (Уурулук) менен иш козголуп, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын алкагында 1979-жылы туулган У.К. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
"Ошондой эле "Арсенал" аталышындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 233-берене (баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде издөөдө жүргөн 1987-жылы туулган М.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти маалымат кызматынан.