Ата Мекенди коргоочулар күнүндө борбор калаадан 21 мас айдоочу кармалды

Ата Мекенди коргоочулар күнүндө борбор калаадан 21 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматы 23-февраль күнү коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында “За рулём” аталышында рейддик иш-чара өткөрдү. Анын алкагында сутка ичинде 1187 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган.

Алардын ичинен;

Унаа башкарууда тийиштүү документтери жок айдоо - 10;

- Мас абалында унаа башкаруу - 21;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 1;

- Унаа башкарууда коопсуздук курун тагынбай айдоо - 312;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 844.

Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 90 унаа убактылуу токтотуучу короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан