Сокулукта 4 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого айыпталып өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 19-февралда Сокулуктун 24 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кызына жарандык күйөөсү ыплас аракеттерди жасаганын айтып арыз менен кайрылган. Анда 4 жашар кызын жуунтуп жатып, анын денеси кызарып калганын байкаганын, кызы жарандык күйөөсү ага карата ыплас аракеттерди жасаганын айтканын билдирген.
Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, ал аялдын Ж.Э. аттуу жарандык күйөөсү укук коргоо органдары тарабынан алып келинген. Тергөө учурунда ал 4 жашар кызга карата эч кандай ыплас аракеттерди жасабагандыгын айткан.
Учурда кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, ишти иликтөө улантылууда.