Азия Кубогу: "Ак Шумкарлар" Тажикстан, Мьянма жана Сингапур менен бир тайпага түштү

Бүгүн, 24-февралда 2023-жылы Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде Азия Кубогуна тандап алуу оюндарына чүчү кулак тартылды.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы "F" тайпасынын сап башына жайгашып, Тажикстан, Сингапур жана Мьянма бир тайпага бөлүндү.

"F" тайпасынын беттештери Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда ушул жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Белгилей кетсек, финалдык бөлүктөгү 11 бош орунга жайгашуу үчүн 24 команда ат салышты. Алар чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча, 4 командадан 6 тайпага бөлүндү. Алты тайпанын жеңүүчүлөрү жана эң мыкты 5 команда финалдык турга чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан