10 күндөн бери Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган адамдар табылбай жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына Көк-Арт ашуусунда 14-февралда түшкөн кар көчкүнүн алдында калган адамдар дагы деле табыла электигин билдирди.

Учурда кар көчкү алдында калган 4 адамды издөө иштери уланууда. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 59 куткаруучусу, Чек ара кызматынын аскерлери жана 9 атайын техника тартылган.

Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан “Чайно Роуд” кытайлык компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан