Нарында тургундарды 1,9 миллион сомго алдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын райондук милициясына Нарын шаарынын 1952-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылды О.А. аттуу адам 106 кой жана 58 жылкысын жалпы 1,8 миллион 76 миң сомго баалап сатып алган. Бирок 256 миң сомун гана берип, из жашырып кеткен.
Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошондой эле кармалган адам Нарын шаарынын 1978-жылы туулган М.Н. аттуу тургунунун 2021-жылы 50 баш коюн 450 миң сомго баалап алып, акчасын кийин бермек болуп, бирок бербегендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.