Баткенде сарайдан чыккан өрттөн автоунаага зыян келди

Бүгүн, 24-февралда Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сарайдан чыккан өрттөн улам сарайдын чатыры, ага жакын жерде токтоп турган Лабо унаасынын оң жак капталы, эшиги күйдү. Ошондой эле оң жагындагы күзгү жана чырактары, салондун үстүңкү жагы жана 2 отургучу өрттөндү.
Өрттүн кесепетин жоюуга Баткен шаардык жана Баткен райондук 4 өрт өчүрүүчү-куткаруучу тартылып, 18:25те толугу менен өчүрүүгө жетишкен.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан