15-23-февралда өткөрүлгөн XVIII Жаутыков атындагы эл аралык олимпиадада Кыргыз мамлекетинин окуучулары жана мугалимдери өз куржунуна 7 медаль салышты.
Курманбек баатыр атындагы лицейдин окуучусу Тенгиз Беккоёнов жана Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Айдар Мундузбаев информатика боюнча алтын медаль утуп алышты.
Ал эми “Кут-Билим” окуу-тарбия комплексинин окуучулары Эржан Улукбеков, Асылбек Исмаилов жана М.Субакожоев атындагы лицейдин окуучусу Данияр Бейшекеев, Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Талант Дыйканбаев информатика боюнча коло медалдарга ээ болушту.
Жайыл баатыр атындагы лицейдин окуучусу Талгат Бактыбеков математика боюнча коло медаль утуп алды.
IZhO-2022 менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында “Газпром-Кыргызстан” мектебинин информатика мугалими Медер Осмонов алтын медаль, математика мугалими Мамат Ишматов күмүш медаль жеңип алды.