Канатбек Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды

Канатбек Бегалиев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу КРнын Грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми буга чейин бул кызматты аркалап келген Эмил Алыкулов башка кызматка которулганына байланыштуу жумуштан бошотулду. Эске салсак, Канатбек Бегалиев - эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиадада күмүш медаль тагынган туңгуч спортчу. Ал 2008-жылы 66 килограмм салмакта Бээжин Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 2-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан