Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөгү батирден өрт чыгып, анын кесепетинен бир аял каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт бүгүн, 26-февралда эртең менен катталды.
"Бишкектин 3-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 08:45те толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 1 аял (аты-жөнү такталууда) каза болду", - дешет мекемеден.