Ош шаарынын аймагына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулду. Иш-чарага шардын бардык кичи райондорунун тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, спортчулар, активисттер жана жаштар катышканын Ош шаардык мэриясынан кабарлашат.
Калаа башчысы Алмаз Мамбетов шаардык кеңештин депутаттары, аксакалдар, журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте облустук профсоюздун имаратынын жанындагы сейил бакта көчөт отургузду.
"Ош шаарынын бардык кичи райондоруна боордош Андижан облусунан келген 10 миң түп павловниянын көчөттөрү отургузулду. Шаарды жашылдандыруу иштерине бардык каалоочулар катыша алышты. Эми жашылдандыруу эстафетасын Бишкек шаарына өткөрүп жатабыз. Белгилей кетсек, быйыл Ош шаарына 35 миңден ашык бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат", - деп билдирди мэр.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар шаардын жашыл имиджин өнүктүрүү жана экологиялык нормаларды жакшыртуу үчүн массалык түрдө бак отургузуунун маанилүүлүгүн белгилешти.