Жалал-Абадда кар көчкүнүн алдында калган 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бүгүн, 26-февралда Тогуз-Торо районунда кар көчкүнүн алдында калган 24 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда саат 12:30 чамасында издөө иштеринин натыйжасында 1998-жылы туулган К.А. аттуу Кыргыз жарандын жансыз денеси табылды. Издөө иштерине жалпы 74 куткаруучу, "Чайна Роуд" ишканасынан 7 атайын техника, чек ара кызматынан 4 кызматкер, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.

Эскерте кетсек, 14-февраль күнү Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332 жана 338-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн. Кар көчкү түшкөн аймакта дагы 3 адам дайынсыз болууда. Издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muku.85
2022-02-26 15:44:48
АЛЛАХ оз ырайымына алсын бейишинен орун берсин. Жакындарына сабыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан