Бишкекте түн ичинде шаар тургунуна физикалык күч колдонуп, акчасын жана телефонун тартып алганга шектүү аныкталды. Ленин РИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, окуя 18-февралда Кара-Жыгач конушунда катталган.
Анда белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, 5 миң сомдук телефонун жана 6 миң сом акчасын тартып алган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 206-берене (тоноо) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1999-жылы туулган Ч.Ж. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ленин райондук соту шектүүгө карата СИЗО-1ге 1 айга камакка алуу түрүндөгү чечим чыгарды.
Учурда тергөө иштери улантылып, шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерге катыштыгы бар же жогун аныктоо боюнча амалдар аткарылууда", - дешти мекемеден.