14 жаштагы кызга карата сексуалдык аракет жасоого шектелген атанын иши. Төргөөчү 3 ирет ишти өз алдынча кыскарткан

Укук коргоочу Камил Рузиев Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жашы жете элек кызга сексуалдык аракетке баруу фактысы боюнча ишти козгобой койгонун SUPER.KG порталына билдирди.

"Свердлов РИИБинин тергөөчүсү Эркин уулу Искендер 14 жаштагы кызга карата сексуалдык аракетке барууга шектелген өгөй атанын ишин "кылмыштын курамы жок" деген жүйөө менен өз алдынча үчүнчү жолу кыскартты", - деди Рузиев.

Жабырлануучу кыздын апасынын айтымында, күйөөсү кызын зордуктап жүргөнүн 2020-жылы билип, Свердлов РИИБине арыз жазган. "Бирок тергөөчү кылмыш ишин 3 ирет жабырлануучу тарапка билдирбей өз алдынча жапкан. Төргөөчү өз бүтүмүндө кылмыштын катыштыгы жок экендигин билдирген", - дешет арызданган тарап.
Жабырлануучу тарап бул иш боюнча президентке кайрылганын кошумчалады. Азырынча Свердлов РИИБи аталган окуя тууралуу расмий маалымат тарата элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан