"Сапатсыз жабдыктарды пайдаланышкан". Ошто жеке менчик гемодиализ борборунун жетекчилерине кылмыш иши козголду

Оштогу жеке менчик гемодиализ борборунун жетекчилерине кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда аталган борборго текшерүү жүргүзүлүп, бузуулар аныкталган.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте гемодиализ аппараттарын уруксатсыз пайдаланып келген фактыларды аныкташты.
"Жеке менчик гемодиализ борбору 28 аппарат менен оорукчандарды дарылап келген. Бирок бир дагы жабдык Саламаттыкты сактоо министрлигинин тийиштүү департаментинен каттоодон өткөн эмес. Ошондой эле 5000 саат иштегенден кийин сөзсүз техникалык кароодон өткөрүү керек болгонуна карабай, аталган гемодиализ аппараттары 35 000 - 45 000 саат колдонулуп келген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы М.О. жана Дары-дармектерди көзөмөлдөө департаментинин башчысы С.К. ээлеген кызматынан бошотулушту.
Ал эми гемодализ борборунун жетекчилерине карата укуктук баа берүү үчүн материалдар Ош ШИИБинин тергөө кызматына жиберилип, 348-берене (“Шалаакылык”) жана 146-берене (“Медициналык кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2022-02-26 17:13:58
Бүт бардык медициналык мекемелер текшерилсе жакшы болот эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан