Бишкек шаарынын тургунунан 850 миң сом опузалап талап кылганга шектелип 2 жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жабырлануучу милиция кызматкерлерине 6 күндөн кийин кайрылган.
Башкармалыктын билдирүүсүндө окуя 19-февралда катталып, жабырлануучу 25-февралда арыз менен кайрылганы айтылат.
"Орто-Сай" базарынын аймагынан белгисиз адамдар Ш.Х`ны Хонда Фит унаасына кыйнап отургузуп, мейманканалардын бирине алып барышып, физикалык күч колдонушуп, коркутушуп 850 миң сом талап кылышкан.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 208-берене (опузалап акча талап кылуу) менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 27 жаштагы Д.Б. жана 24 жаштагы Д.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда", - дешет маалымат кызматынан.