Тышкы иштер министри Руслан Казабаев Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчилигинин кызматкери Нурлан Орзубаевге "Эрдик" медалын такты. Сыйлык элчиликтин кызматкерине былтыр Ооганстандан Кыргыз жарандарын коопсуз эвакуациялоо ишин уюштурганы үчүн тапшырылды. Бул туурасында Тышкы саясий ведомстводон билдиришти.
"Нурлан Орузбаев Кабул шаарындагы мекендештердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган курч, туруксуз кырдаал учурунда коркунучтарга карабастан Ооганстандан Кыргыз өлкөсүнүн 24 жаранын ийгиликтүү эвакуациялоо боюнча чукул чараларды көргөн", - дейт министр.
Белгилей кетсек, былтыр август айында Ооганстанда аскердик-саясий кырдаал орун алып, бир катар мамлекеттер жарандарын эвакуациялаган. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарын эвакуациялоону ишке ашырган.